Араванда мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал табылды
Ош ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнө жаран “К” ок атуучу куралын мыйзамсыз сактап жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.
Бул маалымат каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган. Анын жүрүшүндө Араван районунун тургуну Ж.К.нын кылмыш ишине тиешеси бар экендиги аныкталып, анын көрсөтмөсүнүн негизинде курулушу бүтө элек турак үйдүн жер төлөөсүнө кароо жүргүзүлүп, 1 (бир) даана ок атуучу курал кутучасы менен табылган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмыш ишине шектелип, мурда бир нече жолу соттолгон Араван районунун тургуну 1983-жылы туулган Ж.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары уланууда.
