WWW
21 июль
Кыргызстандагы айылдарга көп кабатуу үйлөр курула баштайт
Айылдарга 3-5 көп кабат үйлөр курула баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
Анын айтымына караганда, айылдарда жер там салуу үчүн жер тилкелери жокко эсе.
"Мисалы 500 түтүн жашаган айылда эле 200 үй-бүлө (жаштар) жер алуу үчүн кезекте турушат. Ошондуктан мамлекеттик саясатты туурасына карай эмес, бийигине карай өстүрүүгө бурулууда. Айылдарга 3-5 көп кабат үйлөрдү кура баштадык. Жакын арада жеке өзүм барып айылдарда да көп кабат үйлөрдө жашаса болорун далилдеп, толук маалымат берем", - деди ал.
