Баткенде кооптуу аймактарда 292 турак жай бар
Баткен облусунда 11-13-март күндөрү өзгөчө кырдаал жаралган учурдагы аракеттер боюнча машыгуу өтөт. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Бүгүн машыгууга даярдыктарды көрүү боюнча жыйын өткөрүлдү. Анда машыгууга тийиштүү маселелер талкууланып, жыйынтыгы менен райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары-акимдерге, шаарлардын мэрлерине, жарандык коргонуу кызматынын башчыларына тиешелүү тапшырмалар берилди.
Сел жана суу ташкындары боюнча кооптуу аймактарда өзгөчө кырдаал жаралган учурдагы аракеттер боюнча республикалык команда-штабдык машыгуу, Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагында өтөт.
Белгилей кетсек, облус боюнча кооптуу аймактарда 292 турак жай бар.
Анын ичинен сел кооптуу аймакта 129 , жер көчкү кооптуулугу бар аймакта 87, таш кулоо кооптуулугу бар аймакта 30 турак жай бар. Бул багытта элдерди коопсуз аймактарга көчүрүү боюнча тийиштүү чаралар жана түшүндүрүү иштери жүрүп келет.
