
Акылбек Жапаров Мюнхенде “АКА-Банктын” башкаруучу директору Марк Венчик менен жолукту
Мюнхенге болгон жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “АКА-Банктын” Башкаруучу директору Марк Венчик менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын июнь айында Франкфурт-на-Майне шаарында “АКА-Банктын” көмөгү менен өткөн кыргыз-герман бизнес-форумунун алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.
Акылбек Жапаров өлкө жетекчилигинин жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу жана экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы механизмдерин киргизүү, ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жигердүү аракеттерин белгиледи.
Марк Венчик өз кезегинде Кыргызстан менен “АКА-Банктын” ортосундагы кызматташуунун маанилүүлүгүн айтып, банк өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди жана долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди.
“Биз Кыргызстандын Германияда жана жалпы европалык рынокто көрсөтүлүшүнө аракет кылабыз”, — деди Марк Венчик.
Тараптар келечекте ишке ашыруу үчүн өз ара пайдалуу долбоорлорду, ошондой эле каржылоонун ылайыктуу моделдерин биргелешип издөөнү макулдашты.
Жолугушуунун соңунда Акылбек Жапаров Марк Венчикти Кыргызстанга өзү үчүн ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырып, Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө көмөктөшүүдөгү “АКА-Банктын” аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди.