Бишкекте жогорку окуу жайында чет элдек студенттердин арасында мушташ чыкты
Бишкекте милиция кызматкерлери чет өлкөлүк жарандардын ортосундагы мушташ тартылган видеону аныкташты. Окуя шаардагы университеттердин биринде, Исакеев көчөсүндө болгон жана социалдык тармактарды мониторинг кылуу учурунда табылган.
Бул факт Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн каттоо журналына катталып, андан соң тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Териштирүүнүн жүрүшүндө укук коргоо органдары жаңжалга катышкан жарандардын өздүгүн аныкташкан – алар 2001 жана 2003-жылы туулган чет өлкөлүк жарандар болуп чыккан.
Экөө тең кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Аларга карата КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча материалдар түзүлгөн.
Бул факт боюнча текшерүү иштери уланууда.
