Сел жүрөт! ӨКМ чукул билдирүү таратты
www
8 апрель

Сел жүрөт! ӨКМ чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, 2026-жылдын 8-апрелинен 10-апрелине чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Мындан улам кырсыктын алдын алуу максатында жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттарын даярдык абалда кармоону эскертет.