«Бишкек Арена» стадионунун курулуш иштери дээрлик 90% аяктап калды
8 апрель

«Бишкек Арена» стадионунун курулуш иштери дээрлик 90% аяктап калды

Бүгүнкү күндө «Бишкек Арена» стадионунун курулуш иштери дээрлик 90 пайызга аяктап калды. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, бул объект Борбор Азиядагы эң ири стадиондордун бири болуп саналат.

«Мындай масштабдагы спорттук комплексти туруктуу негизде тейлөө жана кармоо олуттуу каржылык чыгымдарды талап кылат. Ушуга байланыштуу, президенттин тапшырмасынын негизинде стадиондун аймагында «Bishkek Arena Mall» заманбап соода борбору курулууда. Бул соода борбору стадиондун инфраструктурасын өнүктүрүүгө гана эмес, келечекте объекттин үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого да кызмат кылат», – деди ал.

Туманбаев соода борборунан түшкөн каражаттар «Бишкек Арена» стадионун кармоого, тейлөөгө жана анын инфраструктурасын жакшыртууга багытталарын кошумчалады. Бул өз кезегинде мамлекеттик бюджетке кошумча жүк түшүрбөстөн, объекттин өз алдынча туруктуу иштөөсүнө шарт түзөт.

«Ошондой эле соода борборунун жайгашкан жери абдан ыңгайлуу жана келечектүү локация болуп саналат. Бүгүнкү күндө шаардагы көпчүлүк соода борборлорунда унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги негизги көйгөйлөрдүн бири болуп келет. «Bishkek Arena Mall» долбоорунда бул маселе алдын ала эске алынып, келген жарандар жана ижарачылар үчүн жетиштүү сандагы кеңири жана ыңгайлуу унаа токтотуучу жайы каралган. Бул соода борборунун негизги артыкчылыктарынын бири болот», – деди ал.