Бишкек – Кашкар багыты боюнча аба каттамы июнда ачылат
11 июнь

Бишкек – Кашкар багыты боюнча аба каттамы июнда ачылат

«Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 2025-жылдын 15-июнунан тарта Бишкек – Кашгар багыты боюнча түз аба каттамы (Бишкек убактысы боюнча саат 04:55) ачыла тургандыгын билдирди. 

Долбоордун стратегиялык мааниси:

  • 2025-жылы «Аэро Номад Эйрлайнс» Кытайга үзгүлтүксүз түз аба каттамдары бар биринчи жана жалгыз кыргызстандык авиакомпания болот.
  • Алгачкы каттам Кашкар аэропортунун инфраструктурасын сынап, Кытайдын темир жол тармагы менен байланышты түзүп, жерде тейлөөнү оптималдаштырат.
  • Долбоор Улуу Жибек жолун өнүктүрүүгө, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода, логистика, туризм жана бизнес байланыштарын чыңдоого колдоо көрсөтөт.
  • Маршрут «Мадина» жана «Дордой» компанияларынын ишканаларын Шинжаң базарларына эң кыска жол менен камсыздайт.
  • Бишкек-Кашкар каттамы кыргыз, уйгур жана кытай диаспораларынын саякаттарын жеңилдетет.

«Бишкек-Кашкар авиакаттамын ачуу менен биз Жибек жолунун эки тарыхый түйүнүн бириктирип, ишкерлер, туристтер жана маданий алмашуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатабыз», - деди «Аэро Номад» авиакомпаниясынын башкы директору Тимур Аралбаев.