Манас шаарында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата иш-чара өттү
23 сентябрь

Манас шаарында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата иш-чара өттү

Бүгүн Манас шаарынын “Азаттык” аянтында 5-октябрь - Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Манас шаарынын мэриясынын Маалымат борборунан кабарлашты.

Ага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, КР ӨКМдин Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы Асан Сулайманов, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары жана студенттер катышты.

Иш-чарада жөө жүрүш жана практикалык машыгуу көргөзмөсү уюштурулду.