Таласта мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Башкы прокуратура
21 июль

Таласта мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Талас районунун прокуратурасы тарабынан жер жана мүлк мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышына карата жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 2000-жылы Талас районунун Көк-Ой айылындагы Талас токой чарбасына таандык 0,08 га жер тилкеси, ошондой эле Талас районунун Кең-Кол айыл өкмөтүндөгү аянты 25 чарчы метр болгон кампа курулмалары 0,12 га жер тилкеси менен биргеликте мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде жалпы наркы 4 млн 798 миң сомду түзгөн, жалпы 0,20 га жер тилкелери жана кампа курулмалары мамлекеттик жана муниципалдык менчикке кайтарылды.