Баткен шаарында балдар ооруканасынын курулушу башталды
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
13 август

Баткен шаарында балдар ооруканасынын курулушу башталды

Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгында 75 орундуу заман талабына ылайык бардык шарттары бар балдар ооруканасынын курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Салтанаттуу иш-чарага облус башчысы Мамыржан Рахимов, КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (АРИС) Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана облустук-шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, ак халатчандар жана шаар тургундагы катышты.

Облус башчысы өз сөзүндө облустук оорукананын курулушу 2027-жылы башталарын кошумчалады. Ал 350 орундуу болот.

Ошондой эле АРИС уюумуна облустун социалдык муктаждыктарын жеңилдетүүгө кошкон салымы үчүн Баткен облусунун элинин атынан терең ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек АРИС уюму тарабынан облустун район-шаарларында бир катар маанилүү социалдык обьекттилери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген болсо, айрым аймактарда курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

Мындан сырткары, ондогон айылдарда калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлор ийгиликтүү ишке ашууда.