Чүй ОИИБ
21 июль
Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен жарандын сөөгү табылды
Ивановка айылындагы Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
Кырсык 19-июлда катталган. Достору менен сууга түшүүгө барган 22 жаштагы А.Ф., аттуу жаран сууга чөгүп кеткен.
Издөө иштерине Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылган.
Эки күнгө созулган издөө иштеринин жыйынтыгында жарандын сөөгү Ивановка айылынын аймагындагы Чоң Чүй каналынан табылды.
Учурда окуя боюнча тиешелүү текшерүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
