Азык-түлүк коопсуздугу: коомдук тамактануу жайлары, тез татым түйүндөрү канчалык текшерүүгө алынат?
20 ноябрь

Азык-түлүк коопсуздугу: коомдук тамактануу жайлары, тез татым түйүндөрү канчалык текшерүүгө алынат?

Кыргызстанда жакында сендвич азыктары антисанитария шартына жасала турганы белгилүү болуп, бул жана медициналык кароосу жок чет өлкөлүктөрдү иштетип жүргөнү үчүн ишкананын жетекчиси УКМК тарабынан кармалды.

Деги эле Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу канчалык деңгээлде көзөмөлдөнөт? Тамак-аш жасап сатуу менен алектенген ишкерлер кандай талаптарга жооп бериши керек? Бул суроолорго  Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн санитардык врачы Үмүт Сатыбалдиева “Биринчи радионун” эфиринде жооп берди.

Айтымында, тамактануу жайлары, тез татым түйүндөрү жана тамак-аш саткан дүкөндөрдү текшерүү принцииби анын тобокелчилигин анализдөөнүн негизинде болот. Башкача айтканда, эгерде ал жайдын шарты начар болсо, анда бир жылда 2 жолуга чейин текшерүүгө алынышы мүмкүн. А эгерде шарты бар, таза жай болсо, анда 2 жылда бир жолу гана текшерилет.

“Мамлекет жеке ишкерлерди колдоого алып, көп жеңилдиктерди берди. Анын бири – коомдук тамактануу жайлары, тамак-аш чыгарган ишканалар ж.б. лицензияланбаган ишканалардын катарына кирет. Бардык маселе ошондо жатат. Анткени эгер мен тамак-аш сата турган ишкана ачсам, сатып жаткан тамагым декларацияланбайт, лицензияланбайт. Азыр даярдап, азыр сата берем. Эң негизги талап – ишкананын шарты: суу, канализация, жарык, желдеткичтер болушу керек. Андан сырткары технологиялык жабдыктар: продукциянын сактоо режимине ылайыкташкан муздаткычтар ж.б. Ошондой эле, персоналдардын медициналык кароосу болушу зарыл. Ошентип, тазалыкты, бардык шартты сактап, ишкана ача берсем болот дагы, жеке ишкерге айланып калам. Азыркы принцип ошондой болуп жатат”, – деди ал.

Ал белгилегендей, ал эми азык-түлүк чыгара турган ишкер, мисалы, кондитердик азыктарды, ал шайкештик декларациясын алууга туура келет. Бул “мен коопсуз азык-түлүк чыгарып жатам” деген кепилдик. Анан аны сертификация органдары аркылуу каттоодон өткөргөндөн кийин гана дүкөндөргө, базарларга тапшырууга болот. Анысы жок дүкөндөргө, базарларга ж.б. өткөрүүгө мүмкүн эмес.

“Ар бир дүкөн ээлери азык-түлүк алып келген тараптан шайкештик декларацияны талап кылышы керек”, – деп кошумчалады.