Биргелешип бизнес жүргүзөбүз — Бишкекте $50 миң алдап кеткен жаран кармалды
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды, деп кабарлайт Бишкектин Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 5-июлда шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылып, анда чала тааныш болгон Ы.Б. аттуу жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.
Арыз ээси шектүү 2024-жылдын 10-майында Бишкек шаарынын Жал конушунда курулуш тармагында биргелешип бизнес жүргүзөбүз деген шылтоо менен ишенимине кирип, алдоо жолу аркылуу 50 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алгандыгын билдирген. Бирок Ы.Б. өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбастан, эч кандай ишкердик ишмердүүлүгүн жүргүзгөн эмес, акча каражатын кайтарып бербей, андан соң изин жашырып кеткен.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган Ы.Б. аттуу жаран Ленин РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Урматтуу жарандар, эгерде Сиз кылмышкердин кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен болсоңуз, төмөнкү телефон номуруна кайрылыңыз болот: 502 995 999, 0508414144 же 102 .
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.
