Ош шаарында канал жээгине жаңы эс алуу багы курулууда
16 октябрь

Ош шаарында канал жээгине жаңы эс алуу багы курулууда

Ош шаарындагы А. Шакиров көчөсүн бойлой аккан Увам каналынын суу корук аймагында жайгашкан мурдагы “Тумар” мейманканасынын ордуна эс алуу багы курулуп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Учурда аймакта гранит таштар төшөлүп, канал тарабы тосмолор менен тосулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан ары Ош шаарындагы бардык каналдардын корук аймактарында бирдиктүү долбоор боюнча окшош эс алуу бактары курулат.