Тез жардам унааларына келген айыппулду башкы дарыгерлер өз чөнтөгүнөн төлөшөт, – депутат “Коопсуз шаар” тууралуу
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева “Коопсуз шаар” долбооруна байланышкан көйгөйдү көтөрдү.
Ал мамлекеттик ооруканалардын башкы дарыгерлерди тез жардам унаасы жол кыймылынын эрежесин бузганда, андагы айыппулду башкы дарыгерлер төлөөгө аргасыз болуп жатканын айтты.
“Кээде жол кыймылынын эрежесин бузганга туура келет, себеби тез жардам чакырыкка ыкчам барышы керек. Бизде мындай транспорттор үчүн атайын тилке жок. Тез жардам унааларына маячогун иштетпегенде да айыппул жазылат. Бул дайым эле иштей да бербейт, бул дагы техника, туура түшүнүш керек, айрым учурда бузулуп калат. А качан айыппул келгенде, анын ар бирине түшүндүрмө берип, кат жүзүндө талашууга туура келет. Бул оорукана жетекчилигинин абдан көп убактысын алат. Айыппулдун суммасы көп, а оорукананын бюджети аз. Канчалык такташып, талашпасын, айыппулду баары бир төлөөгө туура келет жана аны башкы дарыгерлер өз акчасынан төлөшөт”, – деди депутат.
Депутат айыппул боюнча такташуу процессин жөнөкөйлөштүрүүнү жана айыппулдун өлчөмүн азайтууну сунуштады.
