Бишкекте 82 миң доллардан ашык суммадагы криптовалюта алдамчылыгы боюнча шектүү кармалды
21 июль

Бишкекте 82 миң доллардан ашык суммадагы криптовалюта алдамчылыгы боюнча шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгына Н.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, 2024-жылдын 21-августунда Бишкек шаарындагы Абдырахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар ишенимге кирүү жолу менен электрондук акча каражаты болгон USDTни АКШ долларына алмаштыруу шылтоосу менен 82 550 USDT өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алышкан.

Учурдагы курс боюнча 1 USDT 1 АКШ долларына барабар. Натыйжада жабырлануучуга 82 550 АКШ доллары өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.

Тергөө, ыкчам-издөө жана техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын КИБдин кызматкерлери тарабынан 1983-жылы туулган К.Ж. аттуу жаран аныкталып, Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматына жеткирилди. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, шектүү Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.