Салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу мүлк салыгын кантип төлөө керек?
21 июль

Салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу мүлк салыгын кантип төлөө керек?

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө Салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу мүлк салыгын төлөө тартиби тууралуу маалымдайт.

Салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу мүлк салыгын төлөө үчүн төмөнкү кадамдарды аткарыңыз:

1. Салык төлөөчүнүн кабинетине кириңиз.

2. Башкы беттеги «Салыктык милдеттенмелер» бөлүмүндө учурдагы салык мезгили үчүн эсептелген мүлк салыгынын суммасы көрсөтүлөт. Төлөм жүргүзүлө турган мүлк объектисин тандаңыз.

3. Мүлк объектисин тандагандан кийин система төлөнүүгө тийиш болгон эсептелген салык боюнча маалыматты көрсөтөт.

4. «Төлөө» баскычын басыңыз. Система автоматтык түрдө төмөнкүлөрдү түзөт:

  • төлөм жүргүзүү үчүн QR-кодду;
  • тандалган салык түрү боюнча төлөм жүргүзүү үчүн банктык реквизиттерди (эсептешүү эсебин).

5. Төлөмдү өзүңүзгө ыңгайлуу болгон ыкма менен QR-код же банктык реквизиттер аркылуу жүргүзүңүз.

Эске салабыз: мүлк салыгы боюнча салыктык билдирүүлөр салык органы тарабынан салык төлөөчүлөргө учурдагы салык мезгилинин 1-августунан кечиктирилбестен жөнөтүлөт.

Салыктык билдирүү — тиешелүү салык мезгили үчүн эсептелген мүлк салыгынын суммасы тууралуу маалыматты камтыган документ.

Салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу салыктык билдирүүнү көрүү үчүн:

1. Салык төлөөчүнүн кабинетине кириңиз.

2. Башкы беттен «МСК менен кат алышуу» бөлүмүнө өтүңүз.

3. «Билдирүүлөр» бөлүмчөсүн ачыңыз.

4. «МСКнын билдирүүлөрү» бөлүмүн тандаңыз.

5. «Мүлк боюнча МСКнын билдирүүсү» документин ачыңыз.

Бул бөлүмдө мүлк салыгы боюнча эсептелген салыктык билдирүүнүн басып чыгарууга ылайыктуу нускасы жеткиликтүү. Зарыл болгон учурда документти көрүүгө, жүктөп алууга же басып чыгарууга болот.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрына чейин төмөнкү салыктарды төлөө зарыл:

  • ишкердик иште пайдаланылбаган турак үйлөргө жана батирлерге салынуучу салык;
  • үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салынуучу салык.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.