Таза суу жок, канализация иштебейт, көчө баткак – борбор калаадагы эки көчөнүн бүгүнкү абалы 
4 март

Таза суу жок, канализация иштебейт, көчө баткак – борбор калаадагы эки көчөнүн бүгүнкү абалы 

Бишкектеги Ленин районуна караштуу Сарыкулаков жана Краснодарская көчөлөрү союз мезгилинен бери оңдоло элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева билдирди. 

Айтымында, ага аталган көчөлөрдүн 70ке жакын тургуну кат жүзүндө кайрылган. 

“Көчөлөр абдан начар абалда. Жамгыр жааганда баткак, көлчүк болот. Айланып өтүү мүмкүн эмес, андыктан окуучулар аргасыз ошол көлчүктү кечип мектепке барып келишет. Таза суу келчү түтүктөрү да эскирип бүткөндүктөн, жай айларында дээрлик суу келбейт. Андан сырткары канализация маселеси да жолго коюлбаган. Саркынды суулар ар бир үйдөгү септикке чогултулуп, ал бат эле толуп калгандыктар, үйлөр жыл бою жагымсыз жыттанып турат”, – деди депутат. 

Ал аталган көчөлөрдөгү көйгөйдү чечүү үчүн протоколдук тапшырма берүүнү суранды.