ТИМ: 5-мартта Омар аркылуу 360 кыргызстандык мекенине кайтарылат
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылдын 4-мартынан 5-мартына караган түнү Бириккен Араб Эмирликтеринде жүргөн кыргыз
Айрым техникалык кыйынчылыктарга жана аймактагы татаал кырдаалга карабастан, министрлик жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр коопсуз аба коридорун макулдашууга жетишти.
Миссиянын алкагында эки каттам аркылуу болжол менен 360 жаран (ар биринде 180 жүргүнчү) мекенине кайтарылат. Бул каттамдарда аялдарга, балдарга жана карыларга артыкчылык берилет.
Процессти координациялоо Тышкы иштер министрлиги тарабынан КР чет өлкөдөгү мекемелери жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте камсыздалат.
Кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана мекенине кайтаруу боюнча аракеттер уланууда жана өлкө жетекчилигинин тыкыр көзөмөлүндө.
