Депутат реабилитациялык борборлорду мамлекеттик ооруканалардын базасында түзүүнү сунуштады
4 март

Депутат реабилитациялык борборлорду мамлекеттик ооруканалардын базасында түзүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлнара Акимбаева жакында коомчулукка белгилүү болгон реабилитациялык борборлордогу абалды эске салды.

“Укук коргоо органдары жакында реабилитациялык борборлордогу мыйзамсыз иштерди ачыкташты. Бейтаптарга карата ырайымсыз мамиле, күтүү таасир этүүчү заттар берилиши сыяктуу мыйзамсыз аракеттерди аныкташты. Мындай маселенин чыгуу себеби – реабилитациялык кызматтарды бир гана жеке жактар көрсөтө алаарында жатат. Анткени, мамлекеттик кепилдик берүү программасында реабилитация көрсөтүлгөн эмес, протоколдор жаңыланбаган. Жеке борборлордун акысы да кымбат, көп адамдын чөнтөгүнө туура келбейт, ошол эле учурда ал жактагы бейтаптарга ырайымсыз мамиле жасалат экен”, – деди депутат.

Акимбаева реабилитациялык кызматтар мамлекеттик оорукананын карамагында болсо, көптөгөн терс көрүнүштөрдүн алдын алуу мүмкүн экенин белгиледи.

“2024-жылы саламаттыкты сактоо тармагында мыйзамсыз медициналык ишмердүүлүк боюнча бир катар санкциялар күчөтүлгөн. Бирок буга укук коргоо органдары толук кандуу көңүл бурбай жатат. Саламаттыкты сактоо министрлиги мамлекеттик ооруканалардын базасында реабилитациялык борборлорду ачууну колго алышы керек”, – деди ал.