
Ошто борбордук стадиондун үстү жабылып, гибриддик оюн талаасы жасалууда
Ош шаарынын борбордук А. Сүйүнбаев атындагы стадиондун отургучтарынын үстүн жабуу иштери дээрлик аяктап калды, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, аны менен бирге стадиондун кире беришине таман таштар төшөлүп, жарыктандыруусу жана чуркоо аянтчасы, гибриддик футбол талаасы эл аралык талаптарга ылайык келтирилет.
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов күн мурун жасалып жаткан иштердин жүрүшүн көрүп чыкты.
Шаар тургундарына жана спорт сүйүүчүлөрүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү негизги максат экенин белгилеп, жумуштарды өз убагында сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.
Айта кетсек, жумуштарды шаар күнүнө карата бүткөрүү пландалууда.