Маевка айылында мыйзамсыз курулуштарга каршы чаралар көрүлдү
11 сентябрь

Маевка айылында мыйзамсыз курулуштарга каршы чаралар көрүлдү

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча аймактар аралык башкармалыгы тарабынан жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен түзүлгөн комиссиянын катышуусунда Маевка айыл аймагындагы мыйзамсыз курулуштарга каршы рейд жүргүзүлдү.

Аталган иш-чара Биринчи май районуна караштуу Маевка айыл аймагынын 396-контур аймагында өтүп, мыйзам бузуу менен салынган турак жайларды аныктоо жана тазалоо максатын көздөдү.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгында мыйзамсыз курулган 40 кожолуктун ичинен 17 турак жайдын пайдубалы буздурулду. Ал эми калган курулуштар боюнча жарандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алардын көпчүлүгү мыйзам талаптарын түшүнүү менен кабыл алып, өз ыктыяры менен бузуу жана жерди калыбына келтирүү тууралуу милдеттенме жазып беришти.