Эки жылда жардамчыдан мэрдин орун басарына чейин: Бишкектин жаңы орун басарлары кимдер
Күн мурун, 15-июнда Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары Виктория Мозгачева менен Азамат Кадыров ээлеген кызматтарынан бошотулду.
Мэрдин социалдык маселелер боюнча милдетин аткаруучу орун басары болуп Рахат Мусаева дайындалды. Ал эми жер пайдалануу, архитектура, курулуш жана санариптештирүү маселелери боюнча мэрдин милдетин аткаруучу орун басары болуп Муратбек Атай дайындалды.
31 жаштагы Муратбек Атайдын борбор калаанын мэриясындагы эмгек жолу 2021-жылдын август айында мэрдин жардамчысы кызматынан башталган. 2023-жылдын июнь айында мэрдин кеңешчиси болуп дайындалып, кийин чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүн жетектеген. Ал эми 2024-жылдын апрелинде Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалган. Муниципалитетте эки жылдан ашык иштегенден кийин ал Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу орун басары болуп калды.
Социалдык маселелер боюнча жаңы дайындалган милдетин аткаруучу вице-мэр Рахат Мусаева билим берүү тармагында көп жылдык тажрыйбага ээ. Эмгек жолун Бишкек шаарындагы №39 мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп баштаган. Ар кайсы жылдары райондук жана шаардык билим берүү түзүмдөрүндө эмгектенип, 2019–2023-жылдары Биринчи Май райондук билим берүү борборун жетектеген. 2023-жылдын июль айынан тартып Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгын, кийин ал кайра түзүлгөндөн соң шаардык Билим берүү департаментин жетектеп келген.
Кадрдык өзгөрүүлөр муниципалдык жетекчиликтин курамын жаңылоо жана курулуш, санариптештирүү, ошондой эле социалдык саясат тармактарындагы шаардык долбоорлорду мындан ары да ишке ашыруу максатында жүргүзүлдү.
