Баткенде 32 жаштагы жигитти атып кеткен шектүү кармалды 
22 июнь

Баткенде 32 жаштагы жигитти атып кеткен шектүү кармалды 

Баткенде жайлоодо 32 жаштагы жигитти атып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлайт. 

Белгилей кетсек, ушул жылдын 20-июнунда Баткен районундагы Кишемиш жайлоосунда адам өлтүрүү фактысы катталган. 

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмү ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Бүгүн, 22-июнда милиция кызматкерлери тарабынан Суу-Башы айыл аймагындагы Сары-Таш тилкесинде окуяга шектүү колго түшүп, райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген. 

Учурда шектүү Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери улантылууда.