«Кыргыз Агрохолдинг» Коргоо министрлигине тамактануу рациондорун даярдап берет
Бүгүн «Кыргыз Агрохолдинг» ААК Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен жеке тамактануу рациондорун (ЖТР) жасап жеткирип берүү боюнча келишимге кол койду.
Компаниянын продукциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы №44 токтомунун 8-Нормасына, ошондой эле Коргоо министрлигинин талаптарына толугу менен жооп берет.
Мурун «Кыргыз Агрохолдинг» ААК Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматын жеке тамактануу рациондору менен камсыз кылуу боюнча пилоттук долбоорду ийгиликтүү ишке ашырган. Аталган долбоордун жыйынтыгында ЖТРдин курамы жана сапаты өркүндөтүлүп, заманбап талаптарга жооп берген деңгээлге жеткирилди.
Бүгүнкү келишим компаниянын кеңири көлөмдөгү жеткирүүлөргө даяр экенин тастыктап, «Кыргыз Агрохолдинг» ААКтын өлкөнүн стратегиялык маанидеги түзүмдөрүн сапаттуу жана стандартка ылайык продукция менен камсыз кылуудагы маанилүү ролун көрсөтөт.
«Кыргыз Агрохолдинг» ААК улуттук өндүрүштү өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо боюнча өз миссиясын улантууда.
