«Кыргызфармацияда» дары-дармек сатып алуудагы мамлекетке 138 млн сомго жакын зыян келтирилген
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасында дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алуунун мыйзамдуулугуна карата жүргүзүлгөн текшерүүдө, 2024–2026-жылдары айрым сатып алуулар саламаттык сактоо уюмдарынын муктаждыктары эске алынбастан жүргүзүлүп, натыйжада жалпы баасы 74,1 млн сомдук дары-дармектин 60 түрүнүн жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталды.
Ошондой эле, саламаттыкты сактоо уюмдарынын билдирмелери (заявкасы) жок эле ири көлөмдөгү медициналык буюмдар сатылып алынып, 63,8 млн сомдон ашык продукция кампаларда пайдаланылбай калган.
Аталган бузуулардын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү алдын ала 137 млн 950 миң сомго бааланууда.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 339-беренеси (билип туруп пайдасыз контракт түзүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
