Ош шаарындагы Аманбай Жунусов көчөсү кеңейтилип, 4 тилкелүү болду
16 октябрь

Ош шаарындагы Аманбай Жунусов көчөсү кеңейтилип, 4 тилкелүү болду

Ош шаарынын А. Жунусов көчөсү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана шаардыктардын катышуусунда жол ачылды.

А. Жунусов көчөсүнүн унаа жолу 24 метрге кеңейтилип, 4 тилкелүү болуп оңдолду. Эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курулуп, жашыл аймак каралып, ирригациялык лотоктор орнотулду.

Көчөнү оңдоп-түзөө иштери толугу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып жасалды.