Ысык-Көл облусунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары уланууда
5 сентябрь

Ысык-Көл облусунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары уланууда

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков орун басарлары менен биргеликте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында ат оюндары өтүп жаткан Ипподромго барды.

Министр коомдук тартипти камсыздоого тартылган милиция кызматкерлеринин кызмат өтөөсүнүн уюштурулушу, ошондой эле объекттин аймагындагы кырдаал менен таанышты. Өзгөчө көңүл көрүүчүлөрдүн, мелдештин катышуучуларынын жана иш-чарага келген коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине бурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Улан Ниязбеков өздүк курамдын ишине баа берип, коюлган милдеттерди так аткаруунун жана кырдаалдын өзгөрүшүнө ыкчам чара көрүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Мелдештер өтүп жаткан мезгилде милиция Ипподромдун аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууну улантууда.