Салык кызматынын кызматкерлери Талас облусунда мыйзамсыз күйүүчү май ташуу фактысын аныкташты
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Талас облусунда күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташуу фактысын аныкташты.
Тактап айтканда, Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылында КР ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери менен биргеликте "Mercedes-Benz Sprinter" маркасындагы жүк ташуучу унаа токтотулду. Бул унааны текшерүүдө тиешелүү документтери жок, болжолдуу көлөмү 3500 литр болгон күйүүчү май табылган.
Бул факт боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
