Ошто 150 орундуу жаңы перинаталдык борбор курулат. Келишимге кол коюлду
КР Саламаттык сактоо министрлигинде бүгүн, 11-сентябрда «Чайна Роуд» курулуш компаниясы менен Ош шаарындагы Областтар аралык бириктирилген клиникалык оорукананын аймагында Перинаталдык борбор куруу боюнча келишимге кол коюлду.
Курулуштун болжолдуу мөөнөтү – 2,5 жыл.
«Биз подряддык уюмдан бардык техникалык талаптарды жана сапат стандарттарын так сактоону күтөбүз. Куруу иштери жогорку деңгээлде аткарылып, объект белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берилүүгө тийиш. Министрлик курулуштун жүрүшүн тыкыр көзөмөлдөйт», - деди саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Манас Токтомуратов.
Жаңы борбор 150 орунга эсептелип, анда 60 орун төрөттөн кийинкилерге, 38 орун – кош бойлуулуктун патологиясы бөлүмүнө, 7 орун – чоңдор үчүн жандандыруу бөлүмүнө, 5 орун – калыбына келүү үчүн, 28 орун – жаңы төрөлгөндөрдүн жандандыруу бөлүмүнө, 16 орун – эне-баланын бирге жатуусу үчүн, ал эми төрөт блогуна 12 орун каралган.
Күтүлүп жаткандай, Перинаталдык борбордун курулушу акушердик, гинекологиялык жана неонаталдык жардамдын сапатын жогорулатат жана регионалдык маршрутизация системасын чыңдайт.
Маалымат үчүн: Проект Ош шаарындагы Областтар аралык бириктирилген клиникалык оорукананын аймагында Перинаталдык борборду курууну жана жабдуу менен камсыздоону камтыйт. Анын негизин 2018-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдик Республикасынын Өкмөттөрү кол койгон Финансылык кызматташтык тууралуу келишим түзөт.
