Саламаттык сактоо министринин орун басары татаал кардиохирургиялык операцияларды жасап, жаш адистерге мастер-класс өттү
20 февраль

Саламаттык сактоо министринин орун басары татаал кардиохирургиялык операцияларды жасап, жаш адистерге мастер-класс өттү

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда абалы оор катары бааланган бейтаптарга митралдык клапанды алмаштыруу боюнча татаал кардиохирургиялык операциялар жасалды.

Татаал клиникалык учурлар тууралуу маалымат алгандан кийин Бакыт Кадыралиев дарылоо процессине жеке өзү катышып, операцияларды жасады. Хирургиялык кийлигишүүлөр ийгиликтүү өттү. Бейтаптардын бири канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылса, экинчиси стационарда дарылануусун улантып, этап-этабы менен реабилитациядан өтүүдө.

Бул операциялар институттун жаш кардиохирургдары үчүн практикалык мастер-класс болду. Иштин жүрүшүндө адистер татаал учурларда дарылоо тактикасын байкоого, кардиохирургиялык дарылоонун заманбап ыкмаларын жана өтө татаал операцияларда чечим кабыл алуунун өзгөчөлүктөрүн талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты.

Бул учурлар Кыргызстанда бүгүнкү күндө жогорку технологиялык кардиохирургиялык жардам жеткиликтүү экенин дагы бир жолу тастыктайт. Өлкөдө эң татаал операцияларды жасап, бейтаптардын өмүрүн сактап кала алган жогорку квалификациялуу адистер иштеп жатат.

Улуттук кардиохирургиянын өнүгүшү, тажрыйбанын жаш дарыгерлерге өткөрүлүп берилиши жана заманбап технологиялардын киргизилиши алдыңкы клиникалардын деңгээлинде жардам көрсөтүүгө шарт түзөт. Бул жарандарга чет өлкөгө чыкпастан, өз мекенинде дарылануу мүмкүнчүлүгүн берет.