Транспорт министринин орун басарлары алмашты
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарлары алмашты, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, төмөнкүлөр дайындалды:
- Тариэль Жаныбеков министрдин биринчи орун басары,
- Улукбек Жанибеко жана Момбеков Бактылуу орун басарлары.
Тиешелүү буйрукка мнистрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Министрдин жаңы орун басарларын жамаатка президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Примов тааныштырып, иштерине ийгилик каалады.
