Бишкекте турак үйдөн өрт чыкты, жабыркагандар жок
16 октябрь

Бишкекте турак үйдөн өрт чыкты, жабыркагандар жок

Бишкек шаарынын Акылбеков көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. 

Кырсык 15-октябрда түнкү катталган. Жерине жалпы 3 бөлүм жана штаб тартылды.

"Ыкчам аракеттердин натыйжасында өрт саат 00:11де чектөөгө алынган. Ал эми толук өчүрүү саат 02:42де ишке ашты", – деп айтылат билдирүүдө. 

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, тилсиз жоонун жалпы аянты болжол менен 200 чарчы метрди түзгөн.

Жабыркагандар жок.