Бишкекте тез жардам унаасы оодарылып, дарыгер менен айдоочу жабыркады
Сүрөт ачык булактардан алынды
9 июль

Бишкекте тез жардам унаасы оодарылып, дарыгер менен айдоочу жабыркады

Бишкекте жол кырсыгынан тез жардам унаасы оодарылып кетти. Маалыматты Тез жардам борборунан тастыкташты.

Жол кырсыгы 9-июлда болжол менен саат 10:40 чамасында Щербаков жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Борбордун маалыматына ылайык, тез жардам бригадасы ошол учурда чакырууга бара жаткан.

Кесилиштен тез жардам унаасы башка жеңил унаа менен сүзүшүп, анын кесепетинен оодарылып кеткен.

Жол кырсыгынан тез жардам унаасынын айдоочусу жана дарыгери жабыркап, алар Улуттук госпитальдын нейротравма бөлүмүнө жаткырылды.

Алдын ала маалымат боюнча, экөөнө тең жабык баш мээ жаракаты жана баш мээнин чайкалышы диагнозу коюлган. Мындан тышкары, айдоочунун сол санынын жумшак ткандары көгөргөнү аныкталган.