Бишкекте ШКУ саммитине даярдык боюнча жыйын өттү
Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 1-декабрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине даярдык көрүү боюнча Иш башкармалыкка караштуу мекеме жана уюмдардын жетекчилери менен жыйын болуп өттү.
Жыйында бир катар тапшырмалар берилди.
Каныбек Тургунбекович ар бир жооптуу жетекчи жана уюм белгиленген багыттар боюнча иштерди так жана өз убагында аткаруусу зарылдыгын билдирди.
Ошондой эле президенттин Иш башкармасына караштуу «Автотранспорттук ишкана» мамлекеттик мекемесинин, «Типография» мамлекеттик ишканасынын жана “Салкын-Төр” мамлекеттик жаратылыш паркы мамлекеттик мекемесинин жаңы жетекчилерин тааныштырды.
