Бишкек мэриясы парктарда жана скверлерде күркөлөр кайрадан орнотулуп жатат деген маалыматты четке кагат
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын скверлеринде буга чейин Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышын өткөрүүгө байланыштуу демонтаждалган күркөлөр (жеңил типтеги объектилер) кайрадан орнотулуп жатат деген маалыматты расмий түрдө четке кагат.
Аталган маалымат чындыкка дал келбейт.
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын парктарындагы жана скверлериндеги жеңил типтеги объектилердин алынышы ШКУнун саммитин же Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө эч кандай тиешеси жок экенин билдирет.
2026-жылдын 29-августунда шаардагы парктарда жана скверлерде жеңил типтеги объектилерди (ЖТО) жайгаштыруу боюнча түзүлгөн ижара келишимдеринин мөөнөтү аяктаган.
Ушуга байланыштуу буга чейин демонтаждалган күркөлөрдү жана башка жеңил типтеги объектилерди борбор калаанын парктарына жана скверлерине кайра орнотуу пландалган эмес.
Муниципалдык инспекциянын кызматкерлери учурда жеринде текшерүү жүргүзүп жатышат. Эгерде кандайдыр бир мыйзамсыз орнотуулар же башка мыйзам бузуулар аныкталса, Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
Бишкек мэриясы маалымат каражаттарын жана социалдык медиа колдонуучуларын текшерилбеген маалыматты таратпоого жана жарыялоодон мурун маалыматты расмий булактар менен текшерүүгө чакырат.
