Кыргызстанда бир жума ичинде 108 мас айдоочу кармалды
10 март

Кыргызстанда бир жума ичинде 108 мас айдоочу кармалды

Кыргызстандын аймагында 3нөн 9-мартка чейинки аралкта алдын ала маалымат боюнча, 23 миң 266 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 701;
  • мас абалында унаа каражатын башкаруу – 108;
  • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 87;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 291;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3410;
  • автоээнбаштык – 10;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4174;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 3;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 14 482;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2561  автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.