Бишкек шаарында жашы жете элек өспүрүмдөрдүн унаа башкарганы аныкталды
-
2026-жылдын 3-июнунда болжол менен саат 19:30 чамасында «Алтын-Ордо» турак жай комплексинин тургундарынан ак түстөгү автоунааны болжол менен 13–14 жаштагы жашы жете элек өспүрүмдөр башкарып, айланадагы жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
-
Көрсөтүлгөн дарекке милиция кызматкерлери ыкчам түрдө жөнөтүлүп, текшерүүнүн жүрүшүндө маалымат тастыкталган.
-
Аныкталгандай, автоунааны 2015-жылы туулган А.А. жана 2016-жылы туулган А.Н. аттуу жашы жете элек өспүрүмдөр башкарып жүрүшкөн. Андан ары транспорт каражатты Бишкек шаарынын ИИББнын МККБнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилип, атайын айып короого киргизилген.
-
Ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 102-беренесине («Ата-энелик милдеттерди аткаруудан качуу») жана 184-беренесине («Транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамдын башкаруусу, ошондой эле транспорт каражатын мындай адамга башкарууга берүү») ылайык протоколдор түзүлгөн. Материалдарды кароонун жыйынтыгында 15 000 сом өлчөмүндө айып салынган.
-
Жашы жете элек өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2024-жылдын 17-июлундагы №436 буйругунун талаптарына ылайык алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
-
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы ата-энелерди жана мыйзамдуу өкүлдөрдү жашы жете элек балдарды көзөмөлдөөнү күчөтүүгө жана тиешелүү жаш курагы жана айдоочулук күбөлүгү жок адамдардын транспорт каражаттарын башкаруусуна жол бербөөгө чакырат.
-
Мындай аракеттер жашы жете элек өспүрүмдөрдүн өздөрүнүн, ошондой эле жол кыймылынын башка катышуучуларынын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратат.
