Баткенде алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды
Баткен шаардык ички иштер бөлүмүндө 2026-жылдын 1–5-июнь күндөрү өткөрүлүп жаткан «Переброс» операциясынын алкагында алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды.
Баткен районунун 39 жаштагы тургуну Г.Н. арыз менен кайрылып, 2025-жылдын 21-январында өзүнө тааныш болгон Баткен районунун 46 жаштагы тургуну У.Н. аттуу жаран «1 рублди 1 сомго айлантып берем» деп ишендирип, 485 000 рубль акчасын алып, андан кийин байланышын үзүп, изин жашырып кеткенин билдирген.
Мындан тышкары ушуга окшош фактылар боюнча дагы бир нече жарандар арыз менен кайрылышкан. Аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен 4 кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында издөөдө жүргөн У.Н. аттуу жаран кармалып, Баткен райондук сотунун чечими менен Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.
Милиция эскертет: Эгерде жогорудагы жарандан жабыр тарткан жарандар болсо, 102 же 0225 30 10 20 телефон номерлери аркылуу байланышып, Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнө кайрылып коюуңуздарды суранабыз.
