Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунда таш көчкү түштү
Бүгүн, 4-июнь күнү саат болжол менен 17:30 чамасында Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 270–271-чакырым аралыгында ири көлөмдөгү таш көчкү түштү.
Учурда окуя болгон жерде көчкүнүн көлөмүн тактоо жана жолду тазалоо иштерине атайын техникаларды тартуу боюнча уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө.
Тиешелүү кызматтар тарабынан кырдаалга көзөмөл жүргүзүлүп, коопсуздукту камсыздоо боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө.
