Эл өкүлдөрү укук бузууларга байланышкан бир катар мыйзам долбоорлорун карады
Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 11-сентябрдагы жыйында «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Маалымат менен тааныштырган саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев мыйзам долбоору кызматтык, кесиптик ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырып же коомдук милдеттерин аткарып жаткан адамдарды жарандар тарабынан жасалуучу зомбулуктардан коргоо, уюмдарда болуучу зомбулук учурларын алдын алуу жана эмгек коопсуздугун камсыздоо үчүн ченемдик укуктук актыларды мыйзамдык негиздерге ылайык келтирүү максатында иштелип чыкканын белгиледи.
Талкуу маалында депутат Илимбек Кубанычбеков акыркы учурларда ак халатчандарга карата бир катар зомбулук көрсөтүү учурлары катталганын эске салып, мыйзам долбоорун колдой турганын билдирди. Депутат Нилуфар Алимжанова дарыгерлердин макамын айлык маяналарды жогорулатуу, социалдык жеңилдиктерди берүү жана керектүү шарттарды түзүү аркылуу да көтөрүү жолдорун биринчи орунга коюуга чакырды.
Жыйында мындан тышкары да укук бузууларга байланышкан бир катар мыйзам долбоорлору каралып, колдоо тапты. Алар:
– «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу тутумундагы кылмыштардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аларга каршы аракеттенүү максатында иштелип чыккан.
– «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоору электрондук жана башка техникалык каражаттарды колдонуу менен үй-бүлөлүк зомбулук актысын жасаган адамдардын жүрүм-турумуна байкоо жүргүзүүнүн каражаттарын жана ыкмаларын кеңейтүүгө багытталган.
– «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору үч окууда колдоо тапты. Мыйзам долбоору кызмат адамдарынын жана бизнес чөйрөсүндө иш алып барган жарандардын укуктук жактан корголушун жогорулатууга, сотко чейинки өндүрүштөгү коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган.
