ИИМ жарандарды Данияга жана Германияга ишке орноштурууда бузууларды аныктады
27 март

ИИМ жарандарды Данияга жана Германияга ишке орноштурууда бузууларды аныктады

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу  Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун кызматкерлери  жарандардан келип түшүп жаткан кайрылуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын жарандарын Дания Падышалыгына жана Германия Федеративдик Республикасына мыйзамсыз ишке орноштуруу ишмердүүлүгүн токтотууга багытталган биргелешкен  текшерүү иш-чарасын  өткөрүштү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө “Asia Consult Visa” компаниясы визалык колдоо көрсөтүү деген шылтоо менен тиешелүү уруксаты жок жарандарды чет өлкөдө ишке орноштурууну жүзөгө ашырып келгени аныкталды.

Агенттиктердин ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун расмий сайттан текшерүүгө болот: https://migrant.kg