Эрулан Кокулов: «Садыр Жапаровду да убагында кесиптештери шылдыңдашчу»
11 сентябрь

Эрулан Кокулов: «Садыр Жапаровду да убагында кесиптештери шылдыңдашчу»

Бүгүн, 11-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов спикер Нурланбек Тургунбек уулунун сөзүнө жооп берип, сый-урмат өз ара жана татыктуу болушу керектигин билдирди.

«Мен силерди сыйламакмын, эгер спикер спикердей, вице-спикерлер вице-спикердей болуп, Жогорку Кеңеш чындап коллегиалдуу орган болгондо. Токмоктун мэри мени “таракан” дегенде араңардан кимдир бирөө сөз айттыңарбы?

Андан кийин мени эшиктин артында: “Эл үчүн сүйлөп калдыңбы?” деп урушканда, аны элге чыгарган жокмун. Эмнеге мен жалгыз айыл өкмөттөр, акимдер, мэрлер менен тирешишим керек? Эмнеге мага тоскоолдук болгондо силер унчукпайсыңар да, кийин келип акыл үйрөтөсүңөр?

Урматтуу спикер, сиз “депутат депутатка каршы сүйлөгөн эмес” дедиңиз, бирок бул туура эмес! Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич да убагында ушул жерде сүйлөп турганда кесиптештери шылдыңдап турушкан. Бирок бүгүн ал – президент», – деди Кокулов.