УКМК Патрулдук милиция башкармалыгынын эки инспекторун кармады
17 сентябрь

УКМК Патрулдук милиция башкармалыгынын эки инспекторун кармады

КР УКМК тарабынан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча тынымсыз жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында сый акы (пара) алып, КР жаранынын транспорт каражатын мыйзамсыз тартып алышкан Бишкек ШИИБдин патрулдук милиция башкармалыгынын инспекторлору кармалды.

Атайын кызматтын маалыматына таянсак, К.Н.К. жана Р.у.Т. аттуу инспекторлор транспорт каражатын Патрулдук милиция башкармалыгынын айып короо жайына киргизүү аркылуу материалдык пайда табуу максатында жаранды пара катары 27 миң сом берүүгө мажбурлашкан, андан кийин баасы 13 миң АКШ долларын түзгөн автоунаасын убактылуу пайдалануу үчүн мыйзамсыз алып коюшкан.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 2024-жылдын 16-сентябрында КР ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлеринин катышуусунда Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлеринин жумушчу кабинеттеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоо фактысын тастыктаган буюмдар табылып алынган.

Кармалган К.Н.К. жана Р.у.Т. аттуу инспекторлор КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда Бишкек ШИИБдин патрулдук милиция башкармалыгынын түзүмүндөгү коррупциялык көрүнүштөргө тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

КР УКМК мамлекеттик кызматкерлердин арасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.