Бишкекте 13-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт
10 март

Бишкекте 13-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 13-мартта саат 09.00дөн 18:00гө чейин айрым аймактарда ичүүчү суу берүү токтотулат, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Өчүрүү району төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

Достоевский көчөсү, Анкара көчөсү, Ауэзов көчөсү -  темир жол, ошондой эле  «Алтын Ордо», «Кара-Жыгач», «Полицейский городок» конуштары.

«Контррезервуар» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу. суу токтотулат.

«Бишкексууканал» МИси  келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.