Сокулук районунун тургуну: Айыл жергесинде жер маселеси шишип, жарылайын деп турат
“Азыр жер маселеси айыл жеринде курч. Айыл айылда калыш керек, шаар шаарда жашаш керек. Ар бир айылга “жер жок, бербейбиз” деп атасыңар, МИК үй салып берет деп. Качан салат? Эл бир короодо 2-3 үй-бүлө жашап атат. Бир сотых жери жок мамлекеттер бар, бизден он эсе жашап жаткан. Бул маселе шишип баратат, жарылайын деп турат”, – деди Сокулук районунун тургуну курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге.
Министр жер – кайра калыбына келбей турган ресурстардын бири экенин белгиледи.
“Өлкөбүздө жер көбөйүп кетпейт. Убагында миңдеген гектар жерлерге жер үй куруп, конуштарга айландырып жибергенбиз. Айыл жергелеринде жаңы жер бөлүп берүү маселелери турат. Президентибиз Садыр Нургожоевич жаңы жер бербей, көп кабаттуу үйлөрдү куруу зарылдыгын айтты. Мисалы, 2 миллион эл жашаган Бишкектеги ипотека маселесин жаптык. Канча деген турак жай салынды. Манас шаарында да бул маселе толук жабылды, анткени кезекке тургандардын саны азайды. Ош шаарында, Баткен облусунда канча деген курулуштар жүрүп жатат. Биз азыр райондун борборлоруна жеттик. Быйыл чоң шаарларды токтотуп, районго түшөбүз”, – деди ал.
