«Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө» конституциялык мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр колдоо тапты
Бүгүн, 4-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.
Демилгечи – депутаттар Марлен Маматалиев, Адилет Белеков, Айбек Алтынбеков.
Демилгечилердин бири, депутат Адилет Бекелов белгилегендей, сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, Акыйкатчынын жылдык баяндамасынын мазмунуна карата талаптарды, аны башка мамлекеттик органдарга жөнөтүүнүн жана алардан белгиленген мөөнөттөрдө кайтарым байланыш алуунун тартибин жөнгө салган ченемдер киргизилет. Ошондой эле Акыйкатчынын жылдык баяндамаларын даярдоо, жайылтуу жана жарыялоо тартибин бекитүү милдети каралууда.
Тагыраагы, киргизилип жаткан өзгөртүүлөр Акыйкатчынын милдеттерин тактоого, отчеттуулук жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү жаатындагы укуктук боштуктарды жоюуга багытталган. Мындан тышкары, алар Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүнө байланышкан эл аралык стандарттарга, анын ичинде Венеция комиссиясынын жана Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн эл аралык ассоциациясынын сунуштарына шайкеш келет.
Талкуу маалында депутат Камила Талиева мыйзам долбоорунда Акыйкатчынын жылдык отчетуна макул болбогон учурда чара көрүү механизмдерин киргизүүнү сунуштап, так ченемдерди бекитүү зарылдыгын белгиледи.
