Саламаттык сактоо министрлиги аялдардын ден соолугун колдоо үчүн 18,4 млн сомдук препарат алды
2026-жылдын 7-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине ЮНФПА тарабынан Мизопростол дары каражатын өткөрүп берүү аземи болуп өттү.
Дары каражатын берүү энелердин ден соолугун коргоо системасын чыңдоого, ошондой эле аялдар үчүн сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Гуманитардык жардамдын жалпы көлөмү 350 000 таңгакты түздү (ар биринде 4 таблетка), жалпы суммасы 18,4 млн сом.
Мизопростол жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмесине кирет жана бекитилген клиникалык протоколдорго ылайык колдонулат. Аны колдонуу, айрыкча акушердик-гинекологиялык жардам көрсөтүүдө, татаалдашуулардын алдын алууга көмөктөшөт.
Дары каражаты Кыргыз Республикасынын аймагындагы баштапкы, экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги 104 саламаттык сактоо уюмдарына бөлүштүрүлүп, медициналык-социалдык тобокелдик тобуна кирген репродуктивдүү курактагы аялдарга акысыз берилет.
