Жогорку Кеңеш «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды
Бүгүн, 11-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Мыйзам долбоору менен тааныштырган Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 Жарлыгы менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашырууга багытталган жана стратегия өлкөбүздө коррупциянын алдын алуу боюнча чаралардын жана иш-аракеттердин азыркы комплексин кайра карап чыгуу керек болгон багыттар белгиленген. Мыйзам долбоорунун концепциясы коррупцияга каршы күрөшүүгө арналган атайын мыйзам өзүнүн алкактык форматын сактап калаарын жана анын жоболору жеке укуктук мамилелерди жөнгө салуучу атайын ченемдик укуктук актыларда эске алынаарын болжолдойт.
Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоорун колдоп, коррупциянын коомдун өнүгүүсүнө тийгизген терс таасирине жана аны жоюу үчүн натыйжалуу чараларды кабыл алуу керектигине токтолду. Муну менен катар эл өкүлү Дастан Бекешев мыйзамдарга «коррупциялык жүрүм-турум» түшүнүгүн киргизүү керектигин белгиледи. Анын айтымында, кээ бир жогорку кызматтарды ээлеген адамдардын жашоо образы расмий кирешесине дал келбейт.
«Ал эми декларацияларын карасак, дээрлик эч нерсеси жоктой көрүнөт, айлыкка гана жашашат. Бирок жашоо деңгээли таптакыр башкача», – деди.
Өз кезегинде депутат Винера Раимбачаева Эсептөө палатасы тарабынан мамлекеттик органдарда аныкталган мыйзам бузуулар тууралуу сөз кылып, аларды жоюу жана коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды күчөтүүгө чакырды.
